Бишкектеги курулуп жаткан үйдөн кулаган 18 жаштагы жигит көз жумду

Бишкектеги курулуп жаткан үйдөн кулаган жигит көз жумду. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

27-ноябрда саат 18:06 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына салынып жаткан имараттан кулаган жаран каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Жерине Октбярь РИИБдин кызматкерлери барып, каза болгон 2006-жылы туулган жигит экенин аныкташкан. Бул факты боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, жогоруда аталган адамдын өлүмүнө эмне себеп болгону аныкталып жатат.