Бишкектеги Кыргыз улуттук агрардык университетинин менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурда Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тиешелүү болгон жер тилкеси 1998-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке берилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган жер тилкесинин менчик ээси өз ыктыяры менен жана акысыз түрдө аталган жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берген, анын базар баасы 130 миллион 711 миң сомду түзөт.

Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда, алардын аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилет.