Бишкектеги «Кыял» базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйдү

Кечээ, 30-сентябрь күнү саат 04:00 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан “Кыял” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн кеспетинен болжол менен 100 чарчы метр болгон 17 даана темир контейнерлер күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ИИМден 45 кызматкер жана РЭТтен 1 бригада тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:33тө чектөөгө алынып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.