Бишкектеги кыз жигитти калкалаган мушташ. Шектүүлөр кармалып, жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

Кечээ, 12-июлда Бишкектеги «I Mall» соода борборунун астында топ эркек эки жигитти сабап, бир кыз жигитти коргойм деп үстүнө жатып алган окуя боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип 2001-жылы туулган, 2002-жылы туулган, 2004-жылы туулган жарандар кармалып, тергөө жайына киргизилген. Бирок жабырлануучулар аларга карата арыз жазуудан баш тартты.

Мушташ эки тараптын сөз талашып урушунан улам келип чыккан.