Бишкектеги Ленин РИИБдин тергөөчүсү кармалды (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Ленин РИИБдин иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 15-апрелде УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин иликтөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты кармалды.

Аталган тергөөчү козголгон кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн айыпталуучу жарандан акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда опузалап акча талап кылуу айыпталган беренелерди олуттуу беренелерге кайра классификациялоо коркунучу менен жасалган. Мындан улам тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.