«Бишкектеги май куюучу жайда аял эркек кишини сабады» деген видео тарады

Социалдык тармактарда «аял эркек кишини сабады» деген видео тарады. Видео май куюучу жайда тартылган, анда аял айдоочу белгисиз жаранды ур-тепкиге алганын, үстүндөгү кийимин жыртып салганын көрүүгө болот.

Окуя Жибек Жолу проспектиси менен Ала-Арчинская көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайда болгон. Кишинин айтымында, ал бензин куюу үчүн токтогон. Башка унаадан аял чыгып, кезекке туруп койгонун айтып, уруша баштаган.

Эркек киши милиция чакырган, бирок кол салган аял анын үстүнөн арыз жазган. Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, жаңжалдашкан эки тарап бири-бирине каршы арыз жазышкан. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет.