Бишкектеги маршруткада 470 миң рубль уурдоого шектүүлөр изделип жатат

Бишкектеги маршруткада 470 миң рубль уурдоого шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-октябрда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 13:30да №136 маршрутканын ичинен 470 миң рубль акчасын уурдатып жибергенин айтып, кылмышкерди табууну суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган.

22-ноябрда материал Ленин РИИБге өткөрүп берилген. Жазык кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.