Бишкектеги маршруткада чөнтөкчү кармалды деген видео тараган. Милиция маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги №117 маршруткада жарандардын чөнтөк ууру делген жигитти кармап алгандагы видео жаарыяланган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Дароо окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган маалда жарандар милиция кызматкерлерине чөнтөк уурулукка шектелген, жашы жете элек 2007-жылы туулган жаранды тапшырышкан. Жаш курагына байланыштуу ата-энесинин көзөмөлү менен бошотулган.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында чөнтөк уурулук кылганын аныкташкан. «9-февралда жаран маршруттук таксилердин биринде жашы жете элек инисинин чапанынын чөнтөгүнөн 15 миң сомдук Redmi Note4 маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кетишип, андан соң алар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган жарандын издөөдө жүргөнү аныкталып, ага мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөө жарыяланган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 372-беренесине (Жаза аткаруу тутумунун кызматкеринин талаптарына тобу менен баш ийбөө) жана 216-беренесине (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Андан соң тергөөчүлөр шектүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы кесиптештерине өткөрүп берип, учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда анын башка кылмыштарды жасоого да катыштыгы бар экендиги аныкталууда», — дешти.