Бишкектеги маршруткада кыз 90 миң сомдук телефонун уурдаткан

Милиция кызматкерлери коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү күнү саат 19:30 чамасында Манас проспектиси менен бара жаткан кичи автобустардын биринде 90 миң сомдук Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөгүнөн уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени такталууда.