Бишкектеги маршруткада окуучунун телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

21-сентябрда милицияга жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда аталган күнү саат 08:00 чамасында Ахунбаев көчөсү менен бара жаткан кичи автобустардын биринен Айфон 11 үлгүсүндөгү 65 миң сом турган уюлдук телефонун жашы жете элек кызынан алып алганын билдирген. Андан соң шектүү белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары, чөнтөк уурулук фактысы боюнча мурда бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган жаран кармалып, камакта калтырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан тинтүү учурунда шектүүдөн ар кандай маркадагы 4 уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун уюлдук телефону алынган.