Бишкектеги маршруткадан 200 миң сом уурдалган. Чөнтөкчү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
15-октябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүч арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:20 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринин ичинен чапанынын чөнтөгүнөн капчыгын уурдатып, ичинде 100 доллар, 200 миң сом акча каражаты жана аты-жөнүн тастыктоочу документтер болгон. Андан соң чөнтөкчүлөр белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.  Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 15-ноябрга чейин бир айлык мөөнөткө, Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда.

Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (702) 102-102, 0 (505) 91-91-49 же 102 телефондоруна кайрылыңыздар.