Бишкектеги маршруттук таксиде жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган 2 жаран кармалды

Социалдык тармактын колдонуучулары маршруткадагы чөнтөк уурулардын делген видеосу менен бөлүшүп, чара көрүүнү талап кылып жатышат.

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, шектүүлөрдүн кармалганын билдиришти. «Интернетте коомдук транспорттун салонунда белгисиз адамдар отургандыгы, алардын бири куралданган белгисиз нерсе менен жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видеосу тарады. Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын аты-жөнү такталып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Алар 1994 жана 2005-жылы туулган жарандар болуп чыкты. Учурда тергөө иштери уланууда», — дешти.