Бишкектеги массаж салонунун ичинде сойкукана болгон. 3 кыз кармалды

30-ноябрдан тарта Свердлов районунун аймагында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

25-декабрда мейманканалардын, сауналардын жана күнүмдүк ижарага берилген батирлердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган күнү милиция кызматкерлери тарабынан Кийизбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин биринде массаж салону деп аталып, акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн 2004-жылы туулган Ж.Б., 2003-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган М.А. жарандар аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду. Жогорудагы адамдар райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, кылмышка шектүү 2000-жылы туулган кыз Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан оюн-зоок жайларынын биринде 2007-жылы туулган жашы жете элек кызды сойкулук менен алектенүүгө көмөктөшкөн 1993-жылы туулган жаран кармалды.