Бишкектеги массалык мушташка катышкандар изделип жатат

Буга чейин социалдык тармакта Байтик Баатыр көчөсүндө орун алган массалык мушташтын видеосу тараган. Видеонун 15-майга караган түнү Горький көчөсү менен кесилишкен жерде тартылганы маалым болгон. 

Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 15-майда саат 01:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Абдырахманов менен Горький көчөсүндө мушташ болуп жатканы маалымдалган. Жерине барган милиция эч кимди аныктай алган эмес. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.