Бишкектеги мечиттин жанынан ок атуучу курал-жарактар табылды (видео)

Бишкектеги мечиттин жанынан ок атуучу курал-жарактар табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган. Бул факты 14-апрелде катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 миллиметрлик калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 килограмм салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.