Бишкектеги мейманканада табылган 3 кишинин жансыз денеси. Жаңы жагдайлар

Буга чейин Бишкекте 3 адамдын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Свердлов РИИБ окуя тууралуу маалымат берди.

«Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Фрунзе көчөсүндө жайгашкан мейманканада 3 кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөгөн, текшерүү учурунда денесинде жаракаттары жок эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылган.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери каза болгон адамдын аты-жөнүн тактап, эркек кишинин 1984-жылы туулганы такталган. Эки аялдын аты-жөнү такталып жатат. Бул факты Свердлов РИИБге катталган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн бул материалы боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган”, — деп айтылат маалыматта.