Бишкектеги мейманканада тонолгон жаран боюнча милиция тактоо киргизди

Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, каракчылык боюнча шектүүлөр кармалганын билдиришкен. 

«9-январь күнү саат 03:40 чамасында Свердлов РИИБге Огомбаев көчөсүндөгү мейманканалардын бирине белгисиз адамдар кирип барып, жаранга карата күч колдонуп, курч буюм менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 50 миң доллар акчасын алып, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2003, 1999, 2004-жылы туулган шектүүлөр кармалган. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,- дешкен.

Бишкек ШИИБ кайра маалымат таратып, 50 миң доллар акчасын эмес, 50 доллар акчасын алып кеткенин такташты.