Бишкектеги мектепте окуучу буту сынгыча сабалганбы?

Бишкектеги №83 мектепте 7-класстын окуучусу 4-класстын окуучулары тарабынан сабалганын, анын буту сынып кеткенин окуучунун атасы айтып чыкты.

«Мектептин короосунда сабалган. 12 бала жерге чаап, тепкилешкен. Бутун сындырышкан. Ошол убакта мектепте эч ким болгон эмес. Күзөтчү көтөрүп, Тез жардамга салып берген экен», — деди атасы.

Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акжолтой Акматова төмөндөгүлөргө токтолду. «11-декабрда саат 17:40 чамасында Бекзат ойноп жатып, 4-класстын окуучуларын кар менен чапкан. Бирин-бири ойноп чаап жатып, Бекзатты бутунан чалып, үстүнө кулап түшүшкөн. Ошол жерде анын буту сынып кеткен. Тез жардам бизге 40 мүнөттө келген», — деди ал.

№3 балдар ооруканасынын дарыгери Азамат Саматбек уулу окуучу ооруканага 11-декабрда түшкөнүн айтты. «Анын абалы орто оор болчу. Шишиги тараганча күтүп, 20-декабрда операция жасалды», — деди дарыгер.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Биринчи Май РИИБге кайрылганыбызда, маалымат тактап берилерин убадалашты.