Бишкектеги мектепте сабалган баланын апасына милиция жооп берди

Бишкектеги мектепте сабалган 7 жаштагы баланын апасымын деген аял бийликке кайрылуу жасаган. Анын айтымында, уулу учурда ооруканада дарыланып жатат.

«Учурда биз тарапты каралоо аракеттери жүрүп жатат. Менин 7 жаштагы уулум 34 жаштагы кишини ур-токмокко алууга жеткириптир. Ал эми Ленин РИИБдин тергөөчүсү башынан эле кылмыш ишин козгобоого аракет кылып жатты. Азыркыга чейин психоневрологиялык экспертизага багыттама бербей жатат. Окуя 12-апрелде болгон, бүгүн, 18-апрель ушуга чейин берише элек. Алар атайылап ишти создуктуруп жатат деген ой келет. Уулумду айбанча сабап жатса, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду. Себеби өлкөдө балдардын укугун коргогон берене жок экен. Мыйзам боюнча шектүү 20 миңден 50 миң сомго чейин айып төлөп, кутулуп кетиши мүмкүн экен. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, биз Кыргызстандын келечегин, Кыргыз Республикасынын патриотторун жарык дүйнөгө алып келген энелербиз! Менин сиздерден чоң өтүнүчүм алдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылыңыздар жана уулумду сабаган жаран жазасыз калбасын»,- деген ал.

Баланын апасынын нааразычылыгы жана коюлган айыптар боюнча Ленин РИИБ жооп берди. «12-апрель күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда ал окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Ошол эле күнү саат 16:15тер чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринин ичинен жашы жете элек 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Психиатриялык экспертиза соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун  негизинде гана дайындалат. Учурда тергөө уланып жатат, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — дешти.