Бишкектеги мектептен мугалим асынган абалда табылды

5-июль күнү милицияга Бишкектеги мектептердин биринде адам өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

Ошол замат Октябрь РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден 1986-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Текшерүү учурунда денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча маркум №17 мектеп-гимназияда хореограф болуп иштеген.