Бишкектеги мектептерде бомба тууралуу жалган маалымат бергендер кармалды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Терроризм актылары тууралуу жалган чакырыктардын жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан террордук коркунучтар боюнча анонимдүү чалуулар көбөйүп кеткендигин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарында жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган адамдардын тобу аныкталып, кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы туулган бир Кыргыз жараны жана 2008-жылы туулган үч Кыргыз жараны кармалды. Алар 30-ноябрда жана 18-декабрда чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрук беришкен, андан кийин Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн.