Бишкектеги мектептин 2-кабатынан боюн таштаган кыздын абалы айтылды

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Элден Калчакеев № 9 билим берүү комплексинин 2-кабатындагы терезеден секирип кеткен кызга барышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

«Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө. Жалпы абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды, толук маалымат берилет. Вице-мэр кыздын тезирээк сакайып кетишин каалады»,- деп айтылат маалыматта.