9-августта Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жарандын каза болушу боюнча Ленин районунун прокуратурасы тарабынан КЖКнын 338-бер. 2-бөл. 4-п. (бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү бардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.