Бишкектеги «Мото» соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт борбордун аба соргучунан (вытяжка) өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 15:00дө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт 15:06да чектөөгө алынып, саат 15:40та толук өчүрүлгөн.