Бишкектеги мушташ боюнча депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз жазылган эмес

Бишкектеги мушташ учурунда жабырлануучу тарап депутат Жаныбек Абировго чара көрүү боюнча арыз жазган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришкендей, жабырлануучу аны сабаган белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган. «Арыз кайсы бир адамдын атына жазылган эмес», — дешти милициядан.

Редакция бүгүн, 14-мартта жабырлануучунун апасы менен байланышканыбызда, уулунун абалы кечээкидей эле экенин айтты. «Балам менен деле жакшы сүйлөшө элекмин, азыр томография деп чуркап жүрөбүз. Арыз боюнча алар анын депутат экенин билишкен эмес. Биз кийин билдик», — деди ал.

Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.