Бишкектеги “NOVA” кафесинин ээси алдамчылыка шектелип кармалды

Бишкектеги “NOVA” кафесинин ээси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-декабрда милиция кызматкерлерине кайрылган арыз ээси Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Nova» кафесинин ээсинен жабыркаганын айткан. Арыз ээсинин айтымы боюнча, ага аталган кафени сатып алуу сунушталган. Ал үчүн ээсине 2 бөлмөлүү батир, 877 миң 800 сомго бааланган Форд Мондео үлгүсүндөгү 2 унаасын жана 2 миллион 310 миң сомдук Мерседес-Бенц Виано унаасын берген.

Бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иликтөөнүн натыйжасында, кафе ээси аны башкаларга да сатканы аныкталган.