Бишкектеги ооруканада 2 жашар наристе чарчап калды

Бишкекте 2 жаштагы наристе чарчап калды. Анын апасы буга дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

13-январда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылып, борбор калаадагы ооруканаларынын биринин медициналык кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөн. Себеби 13-январда өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2021-жылы туулган баласы чарчап калган. Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалыматардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган, бардык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки тергөө иштери уланууда.