Бишкектеги өрт кырсыгынан 44 жаштагы жаран күйүк алып, 2 адам түтүнгө ууланды

иллюстрация

Бишкектеги Свердлов районунда сарайдан өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен: 1977-жылы туулган жаран сол колунан 1-даражадагы күйүк алган. Ал эми 2000 жана 2004-жылы туулган жарандар түтүнгө ууланып, «103» кызматынан медициналык жардам алышкан. Өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.