Бишкектеги оюн аянтчасындагы балдар аралашкан жаңжал. Милиция маалымат берди

Бишкектеги соода борборлорунун биринде балдардын ортосунда жаңжал чыгып, ага ата-энелер кийлигишип, балдарга кол көтөрүшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

6-апрель күнү милицияга арыз менен аял кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү кечки саат 5тер чамасында белгисиз адамдар бейбаштык кылып анын 14 жаштагы уулунун денесине залал келтиришкен. Бул факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыга элек.

Милицияга экинчи тарап да кайрылган. Ал ошондой эле бейбаштык кылып белгисиз адамдар анын 6 жаштагы уулунун денесине залал келтиргенин билдирген. Бул факты дагы Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, 6 жаштагы баланын алган жаракаты «ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келбеген ден соолугуна жеңил залал келтирүү» катары бааланган.  

Учурда материалдар тактоо стадиясында, 14 жаштагы балага соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин эки тараптын аракеттерине баа берилет.