Бишкектеги оюн-зоок ойноочу жайда өрт чыгып, 1 адам күйүк алды

Бишкектин Бакаев көчөсүндөгү “Пейнтбол” оюн-зоок ойноочу жайында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен жаран 1-даражадагы күйүк алып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.