Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрт 12:21де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.