Бишкектеги пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрттөн 10 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 7-ноябрда Свердлов районундагы Курманжан Датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» пластик чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Өрт саат 22:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алды.