Бишкектеги сейил бакта жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Бишкектеги сейил бакта 9-класстын окуучусу зордукталганын жазып чыгышкан.

Бишкек ШИИБден кылмыш тууралуу маалымат беришти. Милициянын маалыматына караганда, жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган шектүү кармалган. «20-июлда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү Ахунбаев көчөсүндөгү сейил бакта 2009-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашка барган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалды. Ал соттун чечими менен камакта калтырылды», — деп айтылат маалыматта.