Бишкектеги соода борборлордо бомба бар экенин айткан жигит кармалып, кайрылуу жасады (видео)

Террордук акт тууралуу жалган маалыматтарды тараткан адамдын кармалышы тууралуу УКМКдан маалымат беришти.

Кыргыз жараны интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды кабыл алып, иштеп келишкен КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгону аныкталып, кармалган.

Кармалган жаран 30-октябрда VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиясын колдонуп, ИИМ катчылыгына Кыргыз Республикасынын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү, ошондой эле 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу Ички иштер министрлигине анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертти.