Бишкектеги соода түйүндөн телефон уурдап кеткен киши видеого түшүп калган

Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

24-сентябрь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда 11-сентябрь күнү саат 09:30 чамасында белгисиз адам Бишкек шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринен баасы 16 миң сом турган Redmi note 13 pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча 205-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. 1990-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынды.