Бишкектеги спорт колледжде окуучуларды тренери сабаганбы?

Кечээ, 30-сентябрда социалдык тармактарда Бишкектеги Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинде окуучулар тренери тарабынан сабалганы тууралуу маалымат тараган. Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча маалымат түшөр замат териштирүү иштери башталган. Жерине милиция кызматкерлери барышкан. 1983-жылы туулган тренер 3-кабатта 9-класстын окуучулары урушуп жатканын уккан. Ал арачага түшүп, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айткан. Тренер милицияга жеткирилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында окуучулардын ата-энелеринен эч ким арыз түшпөгөндүктөн, чындыкты аныктоого жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү алууга багытталган бардык тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.