Бишкектеги суу ташкыны: Чатыр тигилип, тазалоо иштери жүрүп жатат

Кечээ, 15-декабрда Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 1 экскаватор, 2 Хово тартылып, тазалоо ишин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары түнү менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн чатыр тигилип, ысык чай уюштурулду.

Тазалоо ишине ошондой эле «Тазалык» ишканасы, «Бишкек суу канал», «Бишкек жашыл чарба» ишканасы, «Бишкек жылуулук энерго», «Бишкек асфальт сервис» ишканасынан жалпы 31 техника жана 50дөн ашуун кызматкер тартылып, тазалоо иш чараларын аткарууда.