Бишкектеги Свердлов РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара менен кармалды (видео)

Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөөчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 11-апрелде ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.