13-август күнү Ленин РИИБге жаран кайрылып, коомдук тамактануу жайларынын биринде анын денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.