Бишкектеги тамактануучу жайда жаранды муштап жиберген шектүү кармалды

Буга чейин Ленин райондук милициясы маалымат таратып, 13-август күнү Ленин РИИБге жаран кайрылып, коомдук тамактануу жайларынын биринде анын денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранганын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле керектүү экспертизалар дайындалган. 

Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.