Бишкектеги тергөөчү кармалды

Коррупциялык схема уюштурган тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү мыйзамсыз кирешелерди алуу жана жеке баюу максатында, кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн системалуу түрдө опузалап акча алууга шарт түзгөн.

Тактап айтканда, ал ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген жана камакта жаткан адамдар менен жакын туугандарынын жеке жолугушуусун өткөрүү маселесин чечүү укугуна ээ болуп, ар кандай негиздер жана негизсиз шылтоолор менен чечимди создуктурган же жолугушууга уруксат берүүдөн баш тарткан. 24-февралда ал камактагы адамга жолуктуруу үчүн кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалган.