Бишкектеги түнкү клубда тапанча атылган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-декабрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 03:30 чамасында түнкү клубдардын биринде кайым айтышуудан кийин газтравматикалык тапанча атып, денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 289-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1988 жана 1985-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.