Бишкектеги түнкү клубдан баңгизат табылды (видео)

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен «мефедрон» психотроптук заты табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Түнкү клубда тинтүү иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган жарандын жеке текшерүүсү жүргүзүлүп, «мефедрон» психотроптук заты табылып, алынган. Эмеректерди тинтүү иштеринин жүрүшүндө курамында химиянын өзгөчө жыты бар ак түстөгү «мефедрон» психотроптук заты бар эки целлофан зип пакети табылган. Бардык кармалган фактылар боюнча экспертиза дайындалды.

Баңги каражаттарын колдонгон деп шектелген түнкү жайдын келүүчүлөрү жана кызматкерлери медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлгөн, анда түнкү жайдын ээси 2000-жылы туулган Н.С.С., жана кармалган Л.В.А. жарандарда баңгизат жана психотроптук заттардын таасиринде тургандыгы аныкталган.