Бишкектеги түнкү клубдун жанында транссексуалдар менен жаш жигит урушту

Бишкек шаарында жаштардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-сентябрда түнкү саат 3:00 чамасында кайгуул кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндө кызмат өтөп жатышкан. Ошол учурда «Ретро-Метро» түнкү клубунун жанындагы чырды көрүшкөн. Ал жакта кыздар жаш жигит менен урушуп жатышкан. Кайгуул кызматкерлери урушуп жаткан адамдарга барганда, аларга жаш жигит жардам сурап кайрылган. «Мен кыздардын бирине «качок» экенсиң деп эле айтып койгом», — деген ал кайгуул кызматкерлерине жана журналисттерге чырдын себебин түшүндүрүп жатып.

Жыйынтыгында урушка тиешеси бар бардык жарандар милиция пунктуна жеткирилген. Жалпыга маалымдоо каражаттары чыр жаш жигит менен транссексуалдардын ортосунда чыкканын жазышты.