Бишкектеги унаа жуучу жайдан Лексус уурдалды

Бишкекте унаа жууган жерден Лексус уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 10-ноябрь күнү кечинде Лексус СT 200 үлгүсүндөгү унаасын Сүйүмбаев көчөсүндөгү унаа жуучу жайга таштап кеткен. Ал машинасын алуу үчүн кайтып келгенде, уурдалганы белгилүү болгон. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унааны уурдоо) менен каттаган.

Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жаран кармалды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.