Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Бул тууралуу Ленин РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 29-ноябрда саат 06:07 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына университеттердин биринин жатаканасындагы бөлмөдө кыздын асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция жерине барып, кыздын 2005-жылы туулгандыгын, денесине криминалдык тактар жок экенин аныкташкан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, экспертиза дайындалган. Учурда тергөө уланууда.