Бишкектеги үйдө эки аялдын киши колдуу болуп өлтүрүлүшү. Милиция эмне дейт?

Бүгүн, 12-майда болжол менен саат 11:25 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан маалымдашты.

Ошол замат айтылган дарекке Свердлов РИИБдин ыкчам тобу, ошондой эле ИИМдин, Бишкек ШИИБдин кызматкерлери барган. Окуя болгон жерге барганда, барак тибиндеги жеке үйдө, кебетеси азиялык болгон аялдардын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денелер табылган. Милиция кызматкерлери экөөнүн аты-жөнүн аныкташып, алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар экени белгилүү болду. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.

Киши колдуу болгон эки жаран кызы менен энеси экендиги жана кыз өлтүрүлөрдүн алдында зордукталганы айтылууда.