Бишкектеги үйдө киши колдуу болгон аялдын жансыз денеси табылган. Шектүү кармалды

Бишкекте аял киши колдуу болду. Кылмышка шектелип 1991-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-май күнү саат 22:11 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Кулиев көчөсүндөгү үйдөн аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жансыз денени кароо учурунда анын киши колдуу болгону аныкталган.

Аталган факты боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.