Бишкектеги үйдөн сойкулук менен алектенген делген жашы жете элек кыздар аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

30-ноябрда «Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде интимдик кызмат көрсөткөн 2007 жана 2006-жылы туулган жашы жете элек кыздар аныкталган. Буга байланыштуу Ленин РИИБдин тергөө кызматына сойкукана уюштурууга шектелип, 1987-жылы туулган жаран жеткирилген.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160 (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынган. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.