Бишкектеги үйдүн короосуна чагылган түштү (сүрөт)

Кечээ, 19-июнь күнү саат 20:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунун Волков көчөсүнүн №114 дарегине чагылган түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, чагылган үйдүн короосуна түшүп, ал жердеги курулуш материалдарынын калдыктары күйгөн. Жерине Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 20:31де өрттү толук өчүрүшкөн.